Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев президенттин Федералдык жыйынга болгон кайрылуусунан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Владимир Путин өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди. Өлкө башчы мындан тышкары жакын арада өкмөттүн ар бир мүчөсү менен өзүнчө жолугарын айткан. Президент азырынча өкмөттөн милдеттерин толугу менен аткарып туруусун өтүндү.