Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргызстанга учуп келди. Ал Чолпон-Ата шаарында 9-августта Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышат.
Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстандын өкмөт башчылары форумга катыша турганын тастыкташты. Премьер-министрлер президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу күтүлүп жатат. Мындан тышкары жыйындын алкагында өкмөт башчылардын эки жактуу жолугушуулары өтөт.
«РИА Новости» басылмасы билдиргендей, Медведев 9-августта эртең менен С.Жээнбеков менен жолугушат.