Мээрим Жуманазарова эбегейсиз эмгектин аркасы менен Париж Олимпиадасында күмүш медалга ээ болду. Олимпиадада эки медаль уткан алгачкы спортчу, улуттук каарман, баатыр болду. Мээрим тарых жаратты. Мекенибиздин мээнеткеч кызы — Мээрим күмүш тагынып, күрөштүн күзгүсү болду.

Ал финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык Эмит Элор менен беттешип, 0:3 эсебинде жеңилди.

25 жаштагы Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиадасында коло медал уткан. Кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону (2021), Азия оюндарынын коло медалын (2018) жеңген. Эки ирет Азия чемпионатынын күмүш (2022), коло (2018, 2019) байгелеринин ээси. Ал Олимпиада оюндарынын финалына чыккан кыргызстандык экинчи балбан кыз.

Париж Олимпиадасынын финалдык беттешине чейин Жуманазарова 5-августта үч беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3, чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 8:6, жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудуду 3:1 эсебинде жеңген.

Мээрим Жуманазарованын байгеси XXXIII жайкы Олимп оюндарындагы Кыргызстандын экинчи байгеси.

Буга чейин грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медал тагынган.
