• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мээрим Жуманазарова эртең монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күрөшөт

4 Баш оона 202420:20 Бишкек Govori.TV

Келечектен көптү үмүттөндүргөн балбан кыз Мээрим Жуманазарова эртең кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 68 киллограмм салмакта килемге чыгат.

Бүгүн, 4-августта Парижде күрөш боюнча чүчүкулак кармалды. Мээрим Жуманазарованын биринчи атаандашы белгилүү болду. Ал эртең монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күрөшөт. Ал таймашты 1/8 финалдан баштай.

Кармаш 5-августта Бишкек убактысы боюнча саат 19:00до башталат.

Мээрим Жуманазарова — кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Олимпиада оюндарынын коло байге ээси (2021-жыл), дүйнө чемпиону (2021-жыл), Азия чемпиону (2021-жыл), 1 ирет күмүш (2022-жыл) жана эки жолу коло (2018, 2019-жыл) тагынган, Азия оюндарынын коло байге ээси (2018-жыл).

Анын атаандашы Делгермаа Энхсайхан — дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2023-жыл), Азия биринчилигинде 1 жолу күмүш (2021-жыл), 3 ирет коло медалга татыган (2020, 2022, 2024-жыл) Азия оюндарынын коло байге ээси (2023-жыл).

Количество просмотров: 435