Мээрим Жуманазарованын айылдаштары мектептин алдына чогулуп, жаркылдаган балбан кыздын беттешин чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Ата-энесинин үйү Мээримдин тууган-туушкандарына, кошуналарына толгон. Бүтүндөй Кыргызстан Мээримдин беттешин толкундануу менен күтүүдө.
Мээримдин атасы Дүйшөн агай кызына ийгилик каалап, сабырдуулук менен беттешти күтүп отурат.

Саналуу мүнөттөрдөн кийин Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасында алтын медаль үчүн күрөшөт.
Кыргызстан миллиондогон жүрөктөрдү бириктирген керемет мезгилди баштан кечирүүдө.