• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Мегаком» кызматкерлери 1 миллионго жакын айлык алат деген маатыматты четке какты

3 Кулжа 2019 16:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.

«Мегаком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов 200 миң сом, компаниянын калган кызматкерлери андан аз айлык алаары айтылган.

Бирок, интернетте «Мегакомдун» айрым кызматкерлери 1 жылда бир миллионго жакын айлык алаары тууралуу документтин видеосу тараган.

Жарыяланган материалдан Акылбек Жаманкулов ноябрь айында айлык катары 600 миң сомдон ашык каражат алганы көрсөтүлгөн.

Ал эми бул тууралуу маалыматты «Мегаком» компаниясынан четке кагышкан жана бул тараган маалымат тууралуу билдирүү тартышкан.

«Документте эч кандай мөөр же болбосо кол коюлган эмес. Мындай кагазды каалаган адам өзү деле жазып чыгарып кое алат. Компанияга карата каралоо иштери жүрүүдө. Бул маалымат чындыкка дал келбейт»,- деди ишкананын маалымат кызматы.

Количество просмотров: 12