• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Мейманканада ысык суунун түтүгү жарылып, 5 адам каза болду

20 Үчтүн айы 202016:48 Бишкек Govori.TV

Россиянын Пермь шаарындагы мейманканада ысык суунун түтүгү жарылып, 5 адам каза болгонун РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык 20-январга карган түнү катталган. Анда көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан мейманканада ысык суунун түтүгү жарылган. Натыйжада беш адам каза таап, дагы үчөө ооруканага жеткирилген.

Ал эми Пермдин губернатору бул чакан мейманканын эвакуациялык чыгуу эшиги жок экендигин айтып, бул абал адамдардын өлүмүнө алып келгендигин белгилеген. Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.


Количество просмотров: 13763