• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Мейманканадагы 3 кишинин өлүмү. Милиция маалымат таратты

6 Чын куран 2023 20:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мейманканалардын биринде бир эркек жана эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-апрелде Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүн бойлой жайгашкан мейманкананын биринен эркек жана эки аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөп, текшерүү учурунда эркек жана эки аялдын жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери каза болгон эркек кишинин өздүгүн тактаганда 1984-жылы туулган К.В экени белгилүү болгон.

Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ЖИИБге катталган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалган.

Буга чейин айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып, алардын өлүмүнө баңги затын ашыкча колдонуу себеп болгонун жазып чыгышкан.

Теги:
Количество просмотров: 256