• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт кербени өлкө ичиндеги өз жүрүшүн улантууда

19 Аяк оона 2020 20:50 Бишкек Govori.TV

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт кербени өлкө ичиндеги өз жүрүшүн улантууда. Үгүт кербени Ош облусунун Отуз-Адыр, Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Мады, Катта-Талдык жана башка айылдарында болуп, жергиликтүү тургундар партиянын талапкерлерин жигердүү тосуп алышты.

Башкаруу системасын модернизациялоонун зарылчылыгы тууралуу Искендер Матраимов: «Азыр биздин мамлекеттик административдик түзүлүшүбүз Советтер Союзундагыдай. Ал кезде интернет жок, азыркыдай технологиялар жок эле. Бул чоң өзгөрүүлөргө карабай мамлекеттик башкаруу системасы ошол бойдон калды. Ошондуктан бул система азыркы жашоо талабына жооп бере албайт», — деп түшүндүрмө берди.

Ага кошумча, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз.

Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. Кыргызстандын элин кандай негизги проблемалар түйшөлтүп жатканына биз дайыма көз салып турабыз.

«Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын максаты:

  • Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу;
  • Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу.

Приоритеттери:

  • Жеке эркиндик;
  • Экономикалык эркиндик;
  • Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу;
  • Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик;
  • Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк.

Принциптери:

  • Улуттук кызыкчылыктарга приоритет;
  • Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык;
  • Либералдык-плюралисттик башкаруу;
  • Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик;
  • Рационализм жана прагматизм;
  • Бардар эл жана бакубат өлкө, — деди «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Количество просмотров: 197