• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Меккеге кеткен зыяратчылар 17-августтан тартып, Кыргызстанга кайтат

15 Баш оона 201910:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.08.2019.Govori.TV.

Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарышып, Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына кайтып келишкен. 17-августтан 1-сентябрга чейин мекендештерибиз Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлады.
«Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү. Азыркы мезгилде 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы ажылардын мекенибизге кайтуу рейстерин такташууда. Быйыл ажылык ишин жогорку деңгээлде уюштурууга бардык күч аракетибизди жумшадык. Ажыларыбыз мамлекет, элибиз, жерибиз үчүн дуа кылышып, Жараткандан жакшы тилектерди сурашты»,-деди ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Замир каары Ракиев.

-Кыргызстандык ажылар үчүн быйыл ыйык Харам мечитинен мейманканага каттап туруучу атайын автобустар уюштурулуп, алар 25-августка чейин өз иштерин улантат.
-Ажылыр үчүн 2 маал ысык тамак каралып, ажылыкты туура аткаруу боюнча атайын сабактар уюштурулду.
-Ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү менен Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлигинин өкүлдөрү тарабынан коопсуздук эрежелери боюнча атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
-Ажы башчыларга ажыларга кызмат көрсөтүү, коопсуздук жаатында окутууларды өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турду.
-Арафат өрөөнүндөгү чатырлар жаңыланып, заманбап аба үйлөгүчтөр коюлду.
-Муздалифа өрөөнүндө ажылар үчүн атайын килемдер төшөлдү.
-Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарындагы ажылардан кабар алып, аларга ажылык боюнча баяндама жасады.
-КРнын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген 16 дарыгер 24 саат иш алып барышууда
-Мекке шаарында кыргызстандык ажылардын ден соолуктарын көзөмөлдөп туруу үчүн атайын 3 медициналык пункт иш алып барып, 2 тез жардам унаасы иштеди.

Количество просмотров: 15