• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Мексикада 30 градус ысыкка карабай бир метр кар жаады

1 Теке 201916:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.

Мексиканын Гвадалахара шаары калың кардын алдында калганын ВВС телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым жерде кардын калыңдыгы 1,5 метрге жетет. Кар жааган учурда шаарда күндүн ысыгы 30 градусту көрсөтүп жаткан. Аймактын губернатору ойго келбеген окуя болгонун айтты.

Жергиликтүү бийлик бак-дарактар сынып, суу ташкындап жатканын маалымдады.

Гвадалахара шаары Мексиканын түндүгүндө жайгашып, калкы беш миллионго жетет.

Количество просмотров: 19