• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Мектепте окуучулардын энелери мушташа кетишкен. Милиция маалымат берди

23 Бугу 202415:39 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районунун Красная-Речка айылындагы мектепте окуучулардын энелери мушташа кетишкени маалымдалган.

Чүй ОИИББнын басма-сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 21-майда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1988-жылы туулган Г.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 21-май күнү саат 12:00 чамасында Красная-Речка айылындагы орто мектептин ичинде “Л”, “Р”, “М” аттуу аялдар коомдук тартипти одоно бузуп, аны эч себепсиз уруп-сабап, денесине залал келтиргендиги боюнча чара көрүп берүүнү суранган.

Натыйжада жабырлануучу Чүй облустук ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт Ысык-Ата РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-беренесинде көрсөтүлгөн (Бейбаштык) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.Л. аттуу жаран аныкталып, ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 482