• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мектепте сабалган кыздар боюнча териштирүү иштери жүрүүдө

10 Тогуздун айы 202416:43 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарында мектепте сабалган кыздар боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

ИИМ басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2-октябрда Чолпон-Ата шаарындагы мектептердин биринин 8-классынын окуучулары (Э.А. жана И.А.) 12 жаштагы окуучу кызды мектептин дааратканасында сабап денесине жаракат келтиргени аныкталган. Алар (Э.А. жана И.А.) 9-октябрь күнү да дагы бир 12 жаштагы окуучу кызды ур-токмокко алганы такталган.

Бул фактылар Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтык электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Райондук милициянын жаш өспрүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүлөрү кыздарды сабаган деген окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 606