Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.
Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын бир катар ата-энелери митингге чыгышты. Анда нааразы болгондор 4500 бала окуган мектепте ай сайын көп акча жыйналарын айтып, директорду «каражатты натыйжасыз пайдаланууда» деп айыптап жатышат.
Алар буга чейин тийиштүү органдарга кайрылышкан.
Бул боюнча териштирүү башталып, мектеп директору Диляра Абдуллаева убактылуу ишинен четтетилгени маалым болгон.
Бирок аталган мектепте эки баласы окуган Чынара Алиеванын айтымында, ата-энелер мектеп директорун биротоло иштен алууну жана беш жыл ичинде алган акчалардын отчетун берсин дешүүдө.