• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мектептерде мамлекеттик аттестациялоо башталды

3 Кулжа 2020 9:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы мектептерде 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу быйыл бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөргөн. Ар бир предмет боюнча комиссия түзүлдү. Комиссия курамы бүтүрүүчүнүн буга чейинки текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана  чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн  эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коёт.

Количество просмотров: 54