• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Мектептерге биринчи чейрек үчүн видеосабактар тартыла баштады

21 Теке 202012:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда мектептер үчүн видеосабактар тартылып баштады. Бул тууралуу 21-июлда онлайн брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, быйыл биринчи чейректе балдарды аралыктан окутууга даярдык көрүлүүдө. Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды, Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын корутундуларын эске алуу менен кабыл алынды.

Кээ бир аймактарда окуу кадимки режимде өткөрүлүшү мүмкүн, бул үчүн ал жерде коронавирустун жайылышы кооптуу эмес деген корутунду керек.

Жусупбекова белгилегендей, тажрыйбалуу методисттерден, педагогдордон жана эксперттерден турган команда телесабактардын мазмунун, жадыбалын жана өткөн практиканы карап чыгып, аларды тартууга киришти:

«Азыр он чакты студия иштеп жатат. Биринчи чейректин жадыбалына дал келген сабактарды тартып жатышат. Сабактар мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн бардык деңгээлдерин камтыйт. Эң оболу сабактын сапатына, маңызына көңүл бөлүнүп, компетенттүү мамилеге негизги басым жасалууда».

Жусупбекова кырдаал жакшы жакка өзгөрөр менен окуучулар мектепке барып окушарын кошумчалады.

Министрликтин алдында практик педагогдордон, эксперттерден жана билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатканы да маалым болду.

Кеңештин корутундусу менен Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин тажрыйбасы изилденип, талданып, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон бир нече варианттагы чечимдер кабыл алынары айтылды.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталган. Мектептер дароо карантинге жабылып, окуу жылы аралыктан жыйынтыкталган.

Количество просмотров: 48