• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мелис Аспеков камакта калтырылды

21 Бугу 2021 17:17 Бишкек Govori.TV

Активист Мелис Аспеков 20-июлга чейин Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын №21 тергөө абагындакармалат. Бул тууралуу Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Аспеков буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) абагында отурган.

Атайын кызмат 14-майда Жазык кодексинин “Алдамчылык” деген беренеси менен экинчи кылмыш ишин козгоп, тергөөчү №1 тергөө абагына которуу тууралуу сотко өтүнүч келтирген.

Мелис Аспековду 8-январда атайын кызмат кармаган. 10-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал дагы бир активист Улан Жураев экөө «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынышкан. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде жүрүп жатканын билдирген.

Количество просмотров: 128