• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Мелис Аспековдун соту жабык эшик артында өтүп жатат (видео)

7 Бирдин айы 2018 12:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.02. 2018. Govori.TV

Бугүн, 7-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Мекенчил» партиясынын мүчөсү Мелис Аспековдун соту жабык эшик артында өтүп жатат. Бул тууралуу айыпталуучунун агасы Азамат Аспеков билдирди.

Анын айтымында абакта  кармалган иниси  менен жолуктурушпайт.

«№ 1 тергөө абагында кармалган иним менен жолуктурушпайт.Тамак-ашты да араң киргизип берип жатабыз. Кылмыш ишине дагы «Купуя сыр» макамы ыйгарылып, жабык. Ага коюлган айыптардан бирөө гана «Массалык башаламандыкка даярдоо» беренеси калтырылганын билем»-дейт  агасы Азамат Аспеков.

Эске салсак, УКМК  Аспековго  жана депутат Канатбек Исаевге  өлкөгө массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген айып таккан.

https://www.facebook.com/adil.turdukulov/videos/1973739652880613/

Количество просмотров: 6