Президент Жээнбеков иликтөө жүргүзгөн журналисттерди Кыргызстанга келип, документтерин өткөрүп берүүгө чакырып, коопсуздугуна кепилдик берерин билдирди.
Керек болсо мен да кепилдик берем. Келип, фактысы болсо берсин, — деген президент укук коргоо, сот органдарында бурмалоо болбой турганын белгиледи.
Бул аягына чыгат. Чыдап тургула. Ошол далилдерди алып келип берсин, органдарга. Чындыктын артында биз турабыз. Чындык болот, — деди президент.