Бишкек шаарынын коменданты өзү түнкү текшерүүгө чыккан. Бул тууралуу видеону ал фейсбук баракчасына жайгаштырып, жарандарды үйдө болуу суранычын келтирген.
Жарыялаган видеодо белгилүү «Азия Микс» КВН командасынын мүчөсү да кармалганын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган. Кечки 8ден таңкы 7ге чейин көчөгө чыккан болбойт.