• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Мен уурдабайм жана башкаларга да жол бербейм». Жапаров бюджеттин кирешесин көбөйтүү пландары менен бөлүштү

4 Чын куран 2022 11:13 Бишкек Govori.TV

2021-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин көлөмү 311 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Акылбек Жапаров башкарган министрлер кабинетинин алдына койгон эң башкы милдет — бюджеттин кирешесин көбөйтүү.

“Мен бир тыйын да уурдабаймын, башкалардын уурдашына да жол бербеймин! деп, ант бергенмин. Эсиңиздерде болсо керек, мурда казынага кол салгандардын баарын кайра мамлекеттин эсебине төктүрө баштаганмын. Ошондой эле, салык жана бажы төлөмдөрүн жакшыртууну да талап кыла баштадым. Акылбек Үсөнбекович башкарган Министрлер Кабинетинин алдына мен койгон эң башкы милдет — бюджеттин кирешесин көбөйтүү болду. Бул жаңы команда кандай активдүү иштеп жатканын өзүңүздөр көрүп жатасыздар.
Натыйжалар көп деле күттүргөн жок, бат эле келе баштады. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча, консолидацияланган бюджеттин көлөмү 311 млрд сомго жетти. Бул жылы чогултууларды 400 млрд сомго жеткирүү милдети коюлган. Кийинки жылга 500 млрд сомго жеткирүү милдетин коюп жатам. Коррупцияны жок кылсак, сол чөнтөккө кетип жаткан акчаларды токтотсок бул көрсөткүчкө жетебиз”, — деди президент.

Количество просмотров: 257