Белгилүү казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Россиянын «Биринчи каналынан» көрсөтүлгөн «Вечерний Ургант» берүүсүнө катышкан.
Программа эфирге 31-октябрь, бейшемби күнү, чыккан. Студияда ырчыдан тышкары россиялык композитор жана продюсер Игорь Крутой менен муз үстүндө көркөмдөп бийлөө боюнча олимпиада чемпиону Аделина Сотникова болгон.
Эфир учурунда Димаш алып баруучуга казак чапанын кийгизген.
«Биз сыйлуу, урматтуу адамдарга чапан белекке беребиз. Убакыттан пайдаланайын», — деген ырчы.
Чапанды кийген Ургант мындай кийим эми анда жана Николас Кейджде гана бар экендигин айтып, тамашалаган.