• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Менин президентим эмес» деген баннер илинди

14 Кулжа 2019 17:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.

Алматыда белгисиз адамдар курулуп бүтө элек имараттардын биринин бетине «Менин президентим эмес» деп жазылган чоң баннерди илип коюшкан. Бул тууралуу Vlast.kz сайты кабарлады.

Азырынча баннердин авторлору ким экендиги ачык айтыла элек. Бирок жума күнү эртең менен Rukh2k19 деп аталган оппозициялык топ бул баннерди «Инстаграм» баракчасына жарыялап, төмөн жагына «Биз президенттик шайлоону мыйзамдуу деп эсептебейбиз. Токаев — менин президентим эмес» деп жазган.

Эскерте кетсек, Казакстанда өкмөткө каршы акциялардын коштоосунда өткөн 9-июндагы кезексиз президенттик шайлоодо 66 жаштагы Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы болуп шайланган.

Количество просмотров: 26