• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Менин уятым барбы же сиздин уятыңыз барбы?!». Асанакунов менен Осмоновдун ортосунда чыр чыкты (видео)

25 Бирдин айы 202013:09 Бишкек Govori.TV

Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов менен орун басары Канат Осмоновдун ортосунда чыр чыкты. Экөө төраганын иш бөлмөсүндө бүгүн, 25-февралда кайым айтышты.

Асанакуновдун иш бөлмөсүнүн алдына өздөрүнүн сөзүн айтуу үчүн 60 чакты адам чогулган. Алардын пикиринде, Асанакунов 3 жылдан ашык убакыттан бери төрагалык кызматты мыйзамсыз ээлеп келет.
Ал жерде чогулгандардын айрымдары Асанакуновдун бөлмөсүнө кирип барышты. Алардын арасында Осмонов да бар.

Бирин-бири алдамчылыкка айыптаган Осмонов менен Асанакуновдун кайым-айтышуусунун видеосун маалымат каражаттары жайгаштырды.

Количество просмотров: 541