Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакунов кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Govori.TVга аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мирбек Асанакуновду кызматынан чететтүү боюнча чечим бүгүн, 5-февралда Профсоюздар федерациясынын жыйынында кабыл алынган.
Эске салсак. Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновго каршы Бишкекте митингдер өткөн. Алар мекеменин башчысы кошуунга чогулган мүчөлүк акыларды мыйзамсыз жумшап, федерациянын карамагындагы эс алуучу жайларды багытсыз иштетип жатканын айтып, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышып, сотко кайрылышкан.
Мирбек Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагалыгына 2017-жылдын 16-январында шайланган. Ага чейин КСПД партиясынан Жогорку Кеңеште депутат, Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген.