Профсоюздар үйүндө бүгүн, 12 мартта Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов менен белгисиз жигиттер арасында уруш чыкты. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги жазды.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, Асанакуновду иш бөлмөсүнө киргизбей коюшкан. Алар өздөрүн жеке көзөтчүнүн кызматкерлери деп тааныштырып, төраганы иш бөлмөгө киргизбөө буйругун аткарып жатканын билдиришкен. Окуя болгон жерге милицияны чакырышкан. Бирок күзөтчүлөр тараптарды бөлүштүрүүгө келген укук коргоо органдарын киргизбей коюшкан.
Учурда урушка катышкан бардык катышуучулар Биринчи май РИИБге жеткирилди.
Буга чейин Профсоюздар федерациясынын кеңеши төрага Мирбек Асанакуновду кызматынан четтетүүнү чечишкен. Ал эми Асанакунов бул чечимди мыйзамсыз деп эсептейт.