• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Сот Мирбек Асанакуновду үй камагына чыгарды

10 Кулжа 2022 14:36 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси Мирбек Асанакуновду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси жана анын орун басары коррупцияга шек саналып кармалганын 2-июнда билдирген.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар 5 млн. 756 миң 700 сомдук ишенип берилген мүлктү ыйгарып алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен козголуп, шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген.

Количество просмотров: 179