• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мэр А. Суракматов бишкектиктерди кыргыз тилинде куттуктады

29 Чын куран 2019 20:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн борбордук Ала-тоо аянтында Бишкек шаарынын 141 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө.

Майрамдык салтанат өзгөчөлөнүп, Иса Өмүркулов, Нариман Түлеев баштаган мурдагы баардык экс-мерлердин катышуусунда башталып, Бишкектин учурдагы мэри А.Суракматов шаар тургундарын биринчилерден болуп куттуктады.

«Биз бирге аракет кылсак жылдан-жылга жолдорубуз оңолуп, курулуу иштери жүрүп, борборубуз өнүгүп, мындан да көрктүү шаар болот. Борборубуз гүлдөп, өсө берсин. Бишкектин майрам күнү баарыңыздарга кут болсун»,- деген куттуктоо сөздөрүн айтты.

Андан тышкары, куттуктоо сөзү экс-мэр Нариман Түлеев, Бишкек шаардык кеңешинин спикери Жаныбек Абировго берилгенден соң, кеченин сыйлуу коноктору Өзбекстандын айтылуу «Ялла» тобунун солистти бишкектиктерди куттуктап ырын тартуулады.

Учурда борбордук аянтта келген коноктордун саны 300дөн ашты. Белгилей кетсек мэриянын атынан саат кечки 22:30 майрамдык салют тартууланат.

Количество просмотров: 12