• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мэр башаламандык учурунда жумуш ордунда болбогон кызматкерлерди иштен алууну сунуштады

13 Баш оона 2019 18:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.08.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбордо болгон башаламандык учурунда жумуш ордунда болбогон кызматкерлерди иштен алууну сунуштады. Бул тууралуу мэр бүгүн муниципалитеттин чогулушунда билдирди.

«Атайы кызматтардын басымдуу бөлүктөрү иштеп жатышты. Анткен менен айрым кызматтын жетекчилери кызмат ордунда жок болушкан жана аларга чалып байланышуу мүмкүн болгон эмес. Мындай кызматкерлер менен биздин жолубуз бир эмес. Биз дагы буга баа беребиз, балким ага чейин өздөрү арызын алып келишет»,-деген пикирин айтты.

Эске салсак, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин белгисиз адамдар Бишкек шаарындагы Ала Тоо аянтына топтолуп, башаламандык кылууга аракет кылышкан.

Мэриянын маалыматына ылайык, 8-августан 9-августка караган түнү болгон көчө жүрүштөрү 100 миң сомдук зыян алып келген.

Бул тартип бузуу фактыларына байланыштуу кырктан ашык адам кармалып, убактылуу камалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирген.

Количество просмотров: 14