Бишкек.02.07.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов район башчылары, квартал жетекчилери менен биргеликте жарандарга ар кандай митингдерге чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
«Баарыңар азыр саясий абал кандай болуп жатканын билесиңер. Андыктан жашоочуларга бул кырдаалга киришпөөсүн түшүндүрүү керек. Чарбалык иштер менен алек болуусу керек. Ошондуктан райондук администрациялардын жетекчилери менен биргеликте тургундарга митингдерге барбоо керектигин айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Бишкекке стабилдүүлүк керек»,-деди мэр.
Эске салсак, 3-июлда «Форум» имаратынын алдында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары уюштуруп жаткан тынчтык митингги өтөт. Ал эми экс-мэр Нариман Түлеев Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдынада жөө жүрүш жана мөөнөтсүз митингдер да болорун айткан эле.