• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мэр: Таштанды иштеткен заводду кура турган болдук

1 Жалган куран 2023 10:29 Бишкек Govori.TV

Таштанды иштеткен заводду кура турган болдук. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, кечээ жакында таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушун жана акыр-чикирлерди рекультивация маселесин сүйлөшүлдү.

«Бишкек шаарында санитардык тазалоо, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана андан ары кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча бирдиктүү операторду түзүү боюнча инвестициялык же мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Баасы 45 млн доллар турган долбоорду ишке ашыруу боюнча Чехиянын Re Green s.r.o компаниясы менен макулдашууга жетишилди. Бүгүн бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жолугушуусу болду. Демилге Акылбек Жапаров тарабынан колдоого алынды. Дагы кошумча маалымат беребиз», — деди Абдыкадыров.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин таштанды маселеси бир топ жылдан бери орчундуу көйгөй болуп келе жатат.

Количество просмотров: 85