Белгилүү түрк актрисасы Мерьем Узерли (Хюррем) өзүнүн инстаграм баракчасына жаңы сүрөттөрүн жайгаштырып, күйөрмандарынын алкышына арзыды.
Анын жаңы образы күйөрмандары тарабынан жакшы кабыл алынып, айрыкча чачы кыска болгон сүрөтү катталуучуларынын сүймөнчүлүгүнө татыды.
Эске салсак, Лос-Анджелес шаарында өтө турган Asian World Film Festival аталышындагы кинофестивалга белгилүү түрк актрисасы Мерьем Узерли (Хюррем) калыстык кылат. Бул тууралуу кинорежиссер Садык Шер-Нияз Govori.TVга берген маегинде билдирди.