Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну, мергенчи жана спортчу Казбич Чомаев эки карышкырды колго түшүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Казбич Чомаев 20 жылдан бери карышкыр жана чөөлөргө мергенчилик кылат. Жыл сайын ал ондогон жырткычтарды жок кылып, фермерлердин чыгымдарын үнөмдөйт.

«Мергенчиликке чыкканда эски методдорду колдоном. Карышкырлар куу болушат, алар түнкүсүн айылга түшүп келишет дагы таң атканда тоого качып кетишет. Ошол учурда аларды кармаса болот. Кеч киргенде алар түшүп келген жолунан тосом. Бул жолу дагы ошондой ыкма менен эки чоң карышкырды кармадым. Декабрь айынын аягында эки карышкыр, башында бир карышкырды аттым. Ошентип, 2019-жылы жалпы 9 карышкырды жана ондогон чөөлөрдү колго түшүрдүм», — деди ал.
Булак: turmush.kg