Бишкек мэриясы менен Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду коммуналдык кызматтар үчүн атайын техника жеткирүү боюнча меморандумга кол койду.
Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, жалпы 30га жакын атайын техника алуу пландалууда. Анын ичинде таштанды чыгаруучу унаалар дагы бар.
Алына турчу техникалар «Бишкек жарык», «Тазалык», «Бишкек суу чарба» жана «Бишкек жашыл чарба» ишканаларына берилет.