• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Кыргызавтожолго» 60 атайын техника тапшырылды

12 Үчтүн айы 2024 17:32 Бишкек Govori.TV

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасына 30 даана алдыңкы калак (отвал) жана 30 даана кум чачкан жабдуу тапшырылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын техникалар “Экспресс Деливери” ЖЧК менен ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде алып берилди.

Жаңы жабдууларды тапшыруу иш-чарасына транспорт министри Тилек Текебаев баштаган ведомство жетекчилери жана кызматкерлер катышты.

30 даана кум чачкан жабдуунун жалпы баасы 47 млн 442 миң сомду, ал эми 30 даана алдыңкы калактын жалпы баасы 9 млн 36 миң сомду түздү. Жалпысынан жаңы жабдуулар 56 млн 478 миң сомго сатып алынууда.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам бузган айдоочулардын транспортторун мажбурлап токтотуу үчүн атайын сатып алынган «блокираторлор» тууралуу да маалымат берилип, иш жүзүндө көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында өлкөгө 32 техника алынып келинсе, 2023-жылы 265 жаңы техника жеткирилген. Жалпысынан жол тармагына 700дөн ашык техника алуу пландалган. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдалана турган жаңы техникалар эгемендик алган жылдан бери мындай чоң көлөмдө биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен алынууда.

Количество просмотров: 185