Транспорт жана коммуникациялар министрлигине тапшырылган жаңы техникалар муктаждыгына жараша аймактардагы Жол тейлөө ишканаларына бөлүштүрүлүп берилүүдө.
Министрликтин маалыматы боюнча, техникалык базаны жаңылоо менен катар жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында 2024-жылы бюджеттин эсебинен 453 атайын техника сатып алынган. Аларга самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, автобетон аралаштыргычтар, экскаватор жана башкалар кирет.
Кошумчалангандай, 2025-2026-жылдары япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен 48 даана, Кытай мамлекетинин гранттык колдоосунун алкагында 144 даана, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 69 даана, Корея өнүктүрүү фондунун эсебинен 223 даана техниканы жана жабдыктарды алуу күтүлүүдө.