• Дүйшөмбү 8 Теке 2024
  • Понедельник 8 Июль 2024

Мэрия Ала-Арча суусуна кое берилген балыктар боюнча түшүндүрмө берди  

5 Теке 2024 15:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Ала-Арча суусунун түштүк тарабы мэрдин тапшырмасы менен таштандылардан тазаланып, жарыктандырылган. Экологиялык акциянын алкагында, мэрия сууга балыктарды кое берип, жарандардын көңүлүн каналды таза кармоого, таштандыларды ыргытпоого бурган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев билдирди.

Анын айтымында, мэрия муну менен каналдагы суу таза экендигин, таштандылардан арылса, балык жашай ала тургандыгын көрсөткүсү келген.

“Ала-Арча суусу борбор калаага таптаза агып кирип, орто жолдон таштандыларга толуп калат. Айбек Жанышбековичтин тапшырмасы менен каналды тазалоо иштери башталган. Анан бизге ушул сууга балык кое берип көрөлү деген идея келди. Анткени бул жердеги суунун тазалыгын, бул сууда балык жашай ала тургандыгын көрсөтүп берүүнү пландадык. Эми ушул каналды эң башына чейин тазалоону улантабыз”, — деди Ырсалиев.

Ал эми сууга кое берилген балыктар муниципалитеттин кызматкерлери тарабынан кайра алынган. Балыктарды айрым шаар тургундары да кармап алууга жетишкен. Бирок мэрия аларды издеп, айып салууну пландаган эмес.

Количество просмотров: 123