• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мэрия ишканаларга кызматкерлеринин 50%ын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштады

21 Кулжа 2021 9:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы ишканаларга кызматкерлеринин 50 пайызын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштады.

Бишкекте коронавируска байланыштуу абал курчуп бараткандыгына байланыштуу муниципалитет менчигинин формасына карабай иишкана, уюмдарга кызматкерлеринин жарымын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштайт.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген кызматкерлердин аралыктан иштөө режимине өткөрүү маселеси каралып чыгуусу керек.

Алар: 60 жаштан өткөндөр, өнөкөт оорулары барлар (гипертония, кант диабети, өнөкөт респиратордук, онкологиялык оорулар жана башкалар), кош бойлуулар, дарыланып жаткандар.

«Ишкана-уюмдардагы санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн жетекчилер жеке жооптуу экендигин эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.

Мэриянын билдирүүсүндө жогорудагы чектөөлөр шаардын жашоо-турмушунда маанилүү роль ойногон мекемелерге тиешеси жок экендиги айтылат.

Количество просмотров: 91