• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Мэрия шаар тургундарын ачык асман алдындагы концертке чакырат

12 Тогуздун айы 202212:31 Бишкек Govori.TV

16-октябрда саат 16:00дө “Ынтымак-2” сейил багынын амфитеатрында КРсынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы “Манас” Президенттик оркестринин классикалык музыкасынын концерти өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, маданий иш-чара оркестрдин кайрымдуулук концерттеринин алкагында жана КР Президентинин Иш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө. Көркөм жетекчиси жана дирижёру – КРнын Эл артисти Эрнис Асаналиев.

Кирүү акысыз.

Количество просмотров: 125