28-октябрда Токтогул көчөсүндө Шопоков жана Абдрахманов көчөлөрүнүн ортосунда жылуулук тармактын бөлүгүндө жарылуу катталып, «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын адистеринин ыкчам иш-аракеттеринин аркасында жарылуу четтетилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жылуулук камерадан суу сордурулуп, жарылуунун орду аныкталып, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Шаардын мэринин орун басары Талайбек Байгазиев жана анын Отун-энергетикалык комплекс департаментинин директорунун орун басары Мирлан Энназаров окуя болгон жерге барып, абалды жеке көзөмөлгө алышып, калыбына келтирүү иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы түтүктүн жарылышына байланыштуу жылуулук жана ысык суу төмөнкү даректерде убактылуу өчүрүлгөндүгүн кабарлайт:
Кечки саат 8:00гө чейин жылуулук берүүнү калыбына келтирүү пландалууда.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы жашоочулардан убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.