Учурда мэрдин милдетин Нариман Түлеев аткарып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, биринчи вице-мэр Нариман Түлеев мыйзамдын негизинде мэрдин милдетин аткарып жатканын билдирди. Аны «Башкалаанын макамы жөнүндө» мыйзамына таянуу менен отставкага кеткен мурдагы мэр Азиз Суракматов 21-октябрда кызматка дайындап кеткенин эске салды.
Түлеевдин кызматтан бошотуу тууралуу арызы үч күн ичинде каралышы керек болчу. «Бирок ал каралбагандыктан, Нариман Түлеев биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучу бойдон кала берет», — деп айтылат маалыматта.
Нариман Түлеев 22-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарбай калганын, мындай чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен бирге кабыл алганын жарыялаган.