• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Мэриядагы жаңжал тууралуу Суракматов үн катты

6 Бирдин айы 202018:57 Бишкек Govori.TV

Буга чейин “Тазалык” муниципалдык ишканасынын басма-сөз катчысы Жибек Каракеева вице-мэр Мирлан Амантуровдун “ишкананын кызматкерлери көп айлык алат” деген сынын жооп кайтарып, өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына айлык акы тууралуу документти чыгарып, колуна 11890 сом аларын көрсөтүп, вице-мэрдин айрым иштерин сынга алган.

“Сиз тешилген жолдор боюнча арыздарга терс мамиле кылып, ар дайым менин оозумду жабууга аракет кыласыз. Сиз жол боюнча арыздарды мэр көрбөсүн деп өзүнчө чат ачып аласыз”, – деп жазган Каракеева.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бул жагдай тууралуу өзүнүн пикирин билдирип, бул иш үстүндө жаралган жагдайдын бири экенин айтты.

«Ар кыл пикир келишпестиктердин жаралуусу жумуш аткарылып жатканыны белгиси. Анткен менен чогулушта бул жаңдай каралат», — деди мэр.

Эске салсак, Бишкек мэриясынын отурумунда вице-мэр Мирлан Амантуров Тазалыктын жетекчилигин жана айрым кызматкерлерди көп маяна аласыңар деп айыптаган.

Количество просмотров: 45