Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.
Интернетте боёгу сыйрылып түшүп калган имаратты баннер менен жаап коюшканы талкууга түштү. Имарат Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде, тагыраагы Киев көчөсүндөгү «Бишкек Парктын» маңдайында жайгашкан. бул тууралуу фейсбук колдонуучусу сурөт жүктөгөн.
Бул калааны 13-14-июнь күндорү өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине даярдоонун шартында болууда. Мисалы, «Манас» аэропортунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп, эмеректери алмаштырылган, ал эми шаардын борбордук көчөлөрүндө бутактарына гүл отургузулган чөйчөктөр илинген бак түрүндөгү темир инсталляциялар орнотулган.