• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Месси жетинчи ирет Испаниянын чемпионатында мыкты бомбардир аталды

20 Теке 2020 15:00 Бишкек Govori.TV

“Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Месси карьерасында жетинчи ирет футбол боюнча Испаниянын чемпионатынын мыкты бомбардири аталды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Аргентиналык футболчу быйылкы сезондо 33 оюн өткөрүп, 25 гол киргизгенге жетишти. Ал “Реалдын” оюнчусу Карим Бензема (37 оюнда 21 гол) жана “Вильярреалдын” футболчусу Жерар Моренону (35 оюнда 18 гол) артта калтырды.

Месси Испаниянын чемпионатында мыкты бомбардирге бере турган “Пичичи” сыйлыгынын ээси болду. Аталган сыйлыкты барсанын капитаны 2010, 2012, 2013, 2017, 2018, 2019 жана 2020-жылы алды.

Количество просмотров: 60