• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Миң-Кушта “Росатомдун” автоунаасы кырсыкка кабылды

3 Кулжа 202417:24 Бишкек Govori.TV

Жумгал районунун Миң-Куш айылында 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгон.

“Сууга эч нерсе төгүлгөн эмес. Ошого карабай суунун, топурактын үлгүлөрү алынып текшерүүгө жиберилди. Ал жерден радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкты. Ошондуктан жарандарга кооптонууга негиз жок”, — деп кабарлашкан министрликтин басма сөз кызматы.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы ишке ашырууда.

Количество просмотров: 93