• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Миграция агенттигинин мурдагы башчысы 12 жылга соттолду

21 Баш оона 2019 17:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.08.2019.Govori.TV.

Ташкент шаардык соту өлкөнүн Тышкы миграция агенттигинин мурдагы башчысы Равшан Ибрагимовду 12 жылга эркинен ажыратты. Бул туурлуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ибрагимов «Алдамчылык», «Пара берүү» жана «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал 12 жылдык жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өткөрөт.

Ушул эле иштин алкагында агенттик башчысынын мурдагы орун басары Улугбек Назаров дагы 12 жылга соттолду.

Өткөн жылы ноябрда Ибрагимов, анын орун басары Назаров жана дагы эки кызматкер кызматтык кылмыштарга айыпталып камакка алынганы кабарланган.

Анда бул иш менен жакындан тааныш булактар камактагы аткаминерлер Түштүк Кореяга жумушка жиберүү үчүн жарандардан 20 миллион доллардан ашык пара алууга айыпталып жатканын билдиришкен.

Количество просмотров: 4