Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн Бишкек шаарындагы М. Горький атындагы сейил багында «Мигрант үнү» аталышындагы акция өттү.
Иш чарада мигранттар өз көйгөйлөрү менен сунуштарын айтышты. Ал эми энелер болсо алыста жүргөн балдары жөнүндө сөз кылышты. Мындан сырткары чет жерде каза тапкан мигранттардын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси көтөрүлүп, маселени ЖКда кароо үчүн 40 миң кол чогулганын айтышты.
Кошумчалай кетсек, статистика боюнча бүгүнкү күндө 710 миң кыргыз жараны чет жерлерде эмгектенип, 277 миң бала кароосуз калууда.