Мигранттар Кыргызстандын бюджетинен көп акча которушат
17 Бирдин айы 201810:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.02.2018.Govori.TV
2017-жылы чет жакта жүргөн кыргызстандыктар 2 миллиард 482,2 миллион доллар которду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтына чыкты.
Кыргызстанга келген бул сумманын 90% Орусияда жүргөн мигранттар жөнөткөн. Башкача айтканда алар которгон акча 2 миллиард 435 млн доллар болгон.
Мигранттар Кыргызстанга которгон каражат 2016-жылы 1 млрд 991 миллион долларды, ал эми 2015-жылы 1 млрд 168 миллион долларды түзгөн.
Дүйнөлүк банктын баасы боюнча, мигранттар которгон акча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.
Подписаться:
Количество просмотров: 155