Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Маалыматтык кеңеш берүү борбору мигранттар үчүн www.migrant.kg сайтын ишке киргизди.
Маалыматка ылайык, бул сайт мигранттарга онлайн режиминде Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинен («кара тизме») өзүн текшерүүгө, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Миграция маселесине байланышкан бардык кеп-кеңештер да жайгашкан.
Мындан тышкары, сайтта “Жүк 200дү” Кыргызстанга жеткирүү ага кеткен чыгымдар үчүн бир жолку төлөмдү кантип алуу керектиги жөнүндө бардык маалыматтар бар.