Москвада мас абалда унаа башкарып бара жатып, жол кырсыгына кабылган актёр Михаил Ефремов өз жанын кыюуга аракет жасады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазыды.
Анда айтылгандай, анын туугандары моюнундагы тактар менен эс-учун жоготкон абалда табышкан. Тактар моюнуна жип салып асылгандагы тактар экени байкалган соң ага психиатр жана тез жардам чакыртылган. Ал өзүнө келгенде, моюнундагы тактар эмнеден улам пайда болгонун эстей албай жаткандыгын айткан. Дарыгерлер Ефремовдун өз жанын кыюуга аракет кылгандыгын байкаган.